Түштүк Американын Анды тоолорундагы мөңгүлөрдүн көлөмү 1970-жылдан бери 30-50 процентке чейин азайган. Жаңы изилдөө акыркы 300 жылда Анды тоолорундагы мөңгүлөр тез ээрип баратканын аныктаган. “Криосфера” (Cryosphere) журналына жарыяланган изилдөөнүн жетекчиси Антони Рэбетал акыркы отуз жылда мөңгүлөр “мурда болуп көрбөгөндөй” ээрип жатканын белгилейт. Болочокто климаттын жылышы тоо этегиндеги эл үчүн таза суунун кенчи болгон майда мөңгүлөрдүн жок болушуна алып барышы ыктымал, деп эскертилет изилдөөдө. Анды тоолорундагы мөңгүлөр Түштүк Американын он миллиондогон калкы үчүн таза суунун булагы саналат.