Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

1-апрелден тарта электр энергиясы менен жылуулуктун баасын көтөрүү сунушталууда


Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, электр энергиясына жана жылуулукка баалар 10% тегерегинде кымбаттайт. Ошондой эле министрлик 300 кВт ка чейинки электр энергиясын үчүн 1 кВт 80 тыйын, ал эми андан ашыкча пайдаланылса 1 сомдон сатуу сунушун киргизүүдө.

Энергетика тармагын жаңылоо, Токтогул ГЭСинин жабдыктарын оңдоо жана алмаштыруу үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүү сунушун министрлик көптөн бери көтөрүп келе жатат.

Учурда электр энергиясынын баасы карапайым керектөөчүлөр үчүн 1 кВтына 72 тыйындан, өнөр жай жана соода тармактары үчүн 1 сом 50 тыйындан сатылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG