Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Москвада кыргызстандык жазуучунун китебинин бет ачары болот


“Азаттык” радиосунун Орусиядагы мурдагы кабарчысы, жазуучу Муса Мураталиевдин “Отту сагынуу” деген романынын ачылышы 25-январда Москвадагы “Адабиятчылар үйүндө” болот. Автордун “Азаттыкка” айтканы боюнча, китеп 2011-жылы ноябрда жарык көргөн “Бурхан жана Мария” аттуу романдын экинчи бөлүгү катары окурман журтка тааныштырылат. Иш-чарага Орусиянын белгилүү жазуучулары, адабий сынчылары жана жазуучунун чыгармачылыгына кызыккан жана сыйлаган окурмандар катышары күтүлүүдө.

“Отту сагынуу” романында миграция маселеси кеңири чагылдырылып, кыргызстандык мигранттардын сүйүүсү менен күйүүсү, күлкүсү менен кайгысы, мекенинен, жакындарынан алыста жүрүп көргөн күнү чагылдырылат дейт автор.

Муса Мураталиевдин чыгармалары көптөгөн тилдерге которулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG