Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Өзбек тарап Баракка гумжардам алып өтүү үчүн чек арасын ачты


Өзбекстан Кыргызстандын Барак айылына гуманитардык жардам алып өтүү үчүн чек арасын ачты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облусунун Кара-Суу район акимчилигинен кабарлашты. Ушу тапта Кыргызстандын Ак-Таш айылы менен Өзбекстандын Бирлешкен айылынын ортосундагы чек ара өткөрмө бекетинен эки оор жүк ташуучу унаа чыгып жатат. Алардын ичиндеги азык-түлүк жана башка биринчи керектелчү нерсе түрүндөгү гуманитардык жардам Кыргызстандын өзбек территориясындагы Барак эксклавына жеткирилет.

Ошондой эле ушу тапта кыргыз тараптын уруксаты менен Өзбекстан өзүнүн Сох анклавына жана Шахимардан айылына гумжардам алып өтүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG