Өзбекстан ушу тапта Кыргызстандын Баткен облусу аркылуу өзүнүн Шахимардан айылына 17 оор жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардамын алып баратат. Кабарчыбыздын айтымында, алар Өзбекстандын Фергана шаары менен Кыргызстандын Пүлгөн айылы чектешкен жердеги Водил өзбек өткөрмө бекетинен чыкты.
Гумжардам алып бараткан унааларды Баткен облусунун милициясы колоннанын башына жана аягына атайын унааларын коюп коштоп баратат.
Унааларга азык-түлүк, кара май жана газ баллондор жүктөлгөн. (JsA/RK)
Гумжардам алып бараткан унааларды Баткен облусунун милициясы колоннанын башына жана аягына атайын унааларын коюп коштоп баратат.
Унааларга азык-түлүк, кара май жана газ баллондор жүктөлгөн. (JsA/RK)