Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Турганбаев: Шоноевди атты делген жаран күнөөсүн моюнуна алды


Милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди атты делген адам кармалып, кылмышты моюнуна алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» бүгүн Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев билдирди. Анын айтымында, кылмыш жасады деген шек менен 25 жаштагы жаран өткөн жумада Ош шаарына жакын айылдардын биринен кармалган. Ал Кыргызстандын жараны.

«Кылмыш жасаган соң тапанчаны ошол жерге ыргытып кеткем деген көрсөтмөсүнөн кийин окуя болгон жерге барып, карда жаткан Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү таап келишти»,- дейт Турганбаев.

Учурда Шоноевди аткан экинчи адам изделүүдө. Буга чейин кылмышты уюштурууга катышкан деген шек менен беш адам кармалган болчу. Алардын баары кыргызстандыктар.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январда жумуштан үйгө келаткан учурда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак (Ош шаарынын жака белинде) айылынын Осмонов көчөсүндөгү үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG