Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Бирдиктүү салык декларациясына өтүү маселеси талкууланды


Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясы боюнча маселе коомчулукта кызуу талкууланууда. Бүгүн бул боюнча кеңири түшүндүрмө Өнүктүрүү саясат институтунда өткөн жолугушууда берилди. Эгер Мамлекеттик салык кызматынын бул сунушу өлкө жетекчилиги тарабынан колдоого алына турган болсо, 1-апрелден тарта ар бир акча тапкан жаран декларация толтурууга милдеттүү болот.

Буга чейин мындай талап мамлекеттик кызматкерлерге жана ишкерлерге гана коюлуп келген. Эми дээрлик бардык жарандар, анын ичинде пенсионерлер менен студенттер да тапшырууга милдеттүү болушу мүмкүн. Мамлекеттен же башкалардан каржылык колдоо алган балдар боюнча да маалымат берилиши керек болот.

Салык кызматынын пикиринде, мындай ыкма коомдун тазалануусуна, ачыктыктын камсыз болушуна жана коррупцияга каршы күрөшкө жардам болот.

Ал арада Кыргызстандын Камсыздоочулар ассоциациясы БСДга карата өз сунуштарын айтып, айрым пункттары боюнча жүйөлөрүн келтиришти. Ассоциациянын өкүлдөрү жалпы декларация өтө жөнөкөй болуп, ал 1 гана барактан туруп, аны ар бир адам жеңил эле толтурушу керектигин белгилешти.

Камсыздоочулар ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева декларация ар бир салык төлөөчүгө түшүнүктүү болуш керек деп эсептейт. "Эгерде орто билимдүү кимдир бирөө Бирдиктүү салык декларациясынын жаңы формасын түшүнө албай жатса, биз муну түшүнөбүз. Балким билим деңгээли жетпей жаткандыр дейбиз. Бирок жогорку билимдүү жана тажрыйбалуу экономист бул форманы түшүнө албай жатса, анда бул маселе ойлондурат. Балким кептин баары биз толтурушубуз керек болгон формада жатат", - деди Ускенбаева.

22-январда президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" мыйзамга кирешелерди жана мүлктөрдү легалдаштырууга даярдык деңгээли төмөн деген негиз менен каршы пикирин билдирген.

Эгер чечим кабыл алынса, декларацияны 3 миллионго жакын кыргызстандык толтурушу керек болот. (RK)

XS
SM
MD
LG