Кыргыз өкмөтү айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеткен ишканаларды колдоо максатында үч жыл салыктан бошотту. Бул тууралуу 25-январда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ишкерлер менен жолугушууда билдирди. Ага ылайык, өкмөт атайын токтом кабыл алды. Документ боюнча 59 ишканадан турган тизме түзүлдү. Бул ишканалар салыктан бошогондон кийин мамлекеттик казынага 43 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калат. Бирок жаңы техника сатып алып, өндүргөн продукциясынын көлөмүн жогорулатандан кийин болжол менен жылына 68 миллион сомдой пайда бере баштамакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. (EBM)