Бүгүн Талас районунун Чат-Базар айылында Жерүй алтын кенине байланыштуу жыйын өттү. Райондун акими Байрак Сайдибалиев ага Бишкекте жана облустун башка аймактарынан келген жүздөй адам катышканын “Азаттыкка” билдирди. Анда негизинен аталган кенди иштетүү ачык болсун, бийлик жергиликтүү элдин пикири менен эсептешсин деген талаптар айтылды. Мындай иш-чара 10-февралда Талас шаарында уланмай болду.
Кыргыз өкмөтү Жерүй алтын кенин сынак жолу менен сатууну чечкен. Бул боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бирок жергиликтүү калк ичинде Кумтөр маселеси оң чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө жол бербейбиз дегендер чыгууда.
Жерүйдө болжол менен баасы 5 миллиард долларлык 100 тонна алтын бар. Өкмөт жарыялаган сынакка ылайык, баштапкы баасы 100 миллион доллар. (EBM)