Москванын түштүк-батышындагы Херсон көчөсүндө курулуп жаткан имаратта чыккан өрттө 10 киши иске ууланып каза тапты. РИА Новости агенттиги Орусиянын ИИМнин маалымат кызматына шилтеме берип, 13 киши жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын үчөөнүн абалы оор болгонун кабарлайт.
Өрт имараттын алдындагы машине токтоткон жерде курулуштан чыккан таштандыдан тутанган. 200 чарчы метрдей жерди жалын каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр 3 саат бою жалын менен кармашып, өрттү басышкан.
Өрт имараттын алдындагы машине токтоткон жерде курулуштан чыккан таштандыдан тутанган. 200 чарчы метрдей жерди жалын каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр 3 саат бою жалын менен кармашып, өрттү басышкан.