Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Нарында "Кербен" ЖЧУну коргогон митинг болду


26-январда Нарын шаарынын борбордук аянтында жергиликтүүлөр “Кербен” убактылуу көзөмөлдөө бажысын Ысык-Көлгө көчүрбөгүлө деген талап менен митингге чыгышты.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, каршылык акциясына 500гө чукул адам келди. Алар Нарындагы “Кербен” жоопкерчилиги чектелген уюмду логистикалык борбор курууну пландап жаткан Ысык-Көлгө көчүрөт деген айың кептерди угушкан.

Катышуучулар “Кербенде” 140тай адам иштээрин, уюм жоюлса ишсиз калышаарын айтып, бажы кызматынын жетекчилигине нааразылыгын билдиришти.

Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов эл менен жолугуп, “Кербенди” көчүрүү тууралуу чечим жоктугун, ал убактылуу көзөмөлдөөчү бажы экендигин жана бажы кызматына баш ийбегенин билдирди.

“Кербен” терминалы 2010-жылы жоопкерчилиги чектелген уюм болуп түзүлгөн. Кызматкерлери көбүнчө жеке ишкерлердин жүктөрүн кайтарып жүрүшөт. (TSh/AKu)

XS
SM
MD
LG