Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Барактын дагы бир тургуну Кара-Сууга жеткирилди


Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында жайгашып калган Барак айылынан өткөн түнү сокур ичегиси кармаган 13 жаштагы бир кыз Кара-Суу районундагы ооруканага жеткирилди. Ооруга кабылган кызды өзбек тарап менен сүйлөшүү аркылуу алып өтүшкөнүн "Азаттыкка" бүгүн Кыргызстандын чек ара кызматынын башычысы Токон Мамытов билдирди.

5-6-январда тутанган Баткендеги Сох чатагынан улам кыргыз-өзбек чек арасы жабылгандан бери Кыргызстандын Өзбекстандагы жападан жалгыз эксклавы - Оштун Барак айылы да тыш дүйнөдөн бөлүнүп калган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде 25-январда Барак эксклавына Кыргызстан гуманитардык жардам алып өткөн. Ошондо айыл тургундарына медициналык жардам да көрсөтүлүп, оорулуу делген 34 киши Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген.

Кара-Суу районуна караган Барак айылында 300дөй кожолук жашайт. (AKu)

XS
SM
MD
LG