Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:36

Чек арадагы темир жол бекеттеринен жүк өтө баштады


Өзбекстандан Кыргызстанга өтө албай турган жүктөр эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин кечээтен тарта аз-аздан өткөрүлө баштаганын "Азаттыкка" бүгүн Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди:

- Шамалды-Сайга 2 вагон, Кызыл-Кыяга 10 вагон, Кара-Сууга 22 вагон келди. Эртең-бүрсүгүнү 20-30дан кылып ушинтип баарын алып өтөбүз. Өзбек тарап убадасын берди. Темир жол бекеттери толук ачылбаса дагы жүктөр өтүп жатат.

Жалпысынан Өзбекстандан Кыргызстанга өтөт албай турган 280дей вагон бар. Өзбекстан да Кыргызстандын Майлуу-Сай лампа заводунун проудукциялары жүктөлгөн вагондорун чек арадан алып өттү.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох анклавындагы окуялардан кийин көпчүлүк чек ара бекеттери жабылган. 17-январда Өзбекстан 4 темир жол бекетти да жаап салган. (AKu)

XS
SM
MD
LG