Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Египетте үч шаарга өзгөчө абал киргизилди


Өлкөдөгү Порт-Саид, Суэц жана Исмаилия шаарларына 30 күндүк өзгөчө абал киргизилгенин Египеттин президенти Мухаммед Мурси телекөрсөтүү аркылуу калкка жасаган кайрылуусунда билдирди. Мурси мындай чечимди жекшемби күнү аталган шаарлардагы ондогон адам набыт кеткен тополоңдон соң кабыл алды.

Жекшембиде Порт Саид шаарындагы башаламандык учурунда кеминде 4 адам ок жеп каза таап, ондогон кишилер жарадар болушту. Башаламандык ишембидеги тополоңдон мерт кеткендерди акыркы сапарга узатуу учурунда чыкты.

Ишембиде Каир соту Порт Саид шаарында бир жыл мурун стадиондо болгон массалык тополоң боюнча айыпталган 21 адамды өлүм жазасына өкүм кылган соң, алардын тарапкерлери көчөгө чыгып, башаламандык уюштурган. Былтыркы кагылышта 30 адам мерт болуп, 200дөн ашуун киши жараат алган болчу.

XS
SM
MD
LG