Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Иранда ондон ашык журналист камакка алынды


Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына караганда, Тегерандагы беш гезитке жасалган рейд учурунда ондон ашуун журналист камакка алынды. Ирандагы Мехр агенттигинин жазганына караганда, камалган журналисттерге антиреволюциялык маалымат каражаттары менен байланышта болгон деген айып тагылган.

Антиреволюциялык маалымат каражаттары катары Иранда "Фарда" (RFE/RL), "Америка үнү" жана Би-Би-Си радиолору саналат. Камалган журналисттер “Этемад", "Арман", "Шарг" "Бахар” гезиттери менен “Асеман” журналында иштешкен.

XS
SM
MD
LG