Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Баш прокуратура Азимбек Бекназаровго байланыштуу ишти иликтөөдө


Башкы прокуратура саясый ишмер Азимбек Бекназаровдун 2010-жылы апрель окуясынан кийин Ак үйдөн алган 10 млн. сомдон 14 млн. сомго чейинки каражатты кайда жумшаганын иликтөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы тергөө органынын маалымат катчысы Сейитжан Апышев кабарлады. Азырынча бул факт боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат жок.

Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” айтымында, 2010-жылдын 13-14-апрель күндөрү Ош менен Жалал-Абадга делип президенттин буйругу менен 10 млн. сом бөлүнгөн. Ал күндөрү Ошто жана Базар-Коргондо курултай өтүп, губернаторлор шайланган. Башкы тергөөчү орган ушул акчалардын кайда, кандай бөлүнгөнүн териштирүүдө. Учурда бул факт боюнча Азимбек Бекназаровдун, Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун жардамчыларын, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы штаб башчыларын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет сурап жатат.

Апрель окуясынан кийин Бекназаров Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрү боюнча вице-премьери, Исаков түштүк региону боюнча өкүлү болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG