Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:00

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү

28-январдан 30-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137км, 198-265 км.), Каракол-Эңилчек (45-90 км.), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90км, 145-150 км.), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км.) тоолуу автожолдорунда кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат. Абанын температурасы жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга
байланыштуу республиканын тоо этектеринде кардын тез эриши күтүлөт, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн.

29-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +1...+6,
Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз +1...+6,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз +2...+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22...-27, күндүз -12...-17,
Тоолордо түнкүсүн -16...-21, ал эми күндүз -9...-14 болот.

Бишкекте мезгил мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -1...+1, күндүз +3...+5 градус болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG