Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Казакстанда сот дайынсыз кеткен акимди камоого өкүм кылды


Өлкөнүн анти-коррупциялык агенттиги өлкөнүн батышындагы Атырау дубанынын мурдагы акими Бергей Рыскалиевди камакка алууга өкүм кылганын бүгүн маалымдады. Коррупция менен күрөш жана экономикалык кылмыштар aгенттиги кабарлагандай, 46 жаштагы Рыскалиевдин кайда экени белгисиз болгондуктан, ага коррупциялык айып сыртынан коюлган. Ал былтыр жергиликтүү бийликтердеги финансылык кемчиликтер боюнча иликтөө башталгандан бери дайынсыз жоголууда. Андан бери Атырау областынын тогуз мартабалуу бийлик өкүлү камакка алынган. Алтоо үй камагында, бирине Атураудан кетүүгө тыюу салынган, Рыскалиев жана анын бир тууганы Аманжан менен катар издөөдөгү дагы 10 кишинин кайда экени белгисиз. (jch)

XS
SM
MD
LG