Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

Египетте оппозиция диалогдон баш тартты


Чукул абал киргизилген Египетте оппозициядагы Улуттук куткаруу майданын жетектеген Мохаммед эл-Барадайи президент Мурсини «маңызсыз сунуш киргизет» деп сынга алды. Коалиция кан төгүү үчүн жоопкерчиликти президент өзүнө алса гана, сүйлөшүүгө бараарын билдирди. Бүгүн баш калаа Каирде демонстранттардын полиция менен кагылышуусу уланып, бир кишинин набыт болгону кабарланды. Кечээ президент Суэц каналынын боюндагы үч шаарга, анын ичинде Порт Саидге, бир айлык чукул абал киргизген. Бул аймактарда апта соңундагы толкундоолордо 50дөн ашык киши курман болгон эле. Толкундоо Порт Саиддеги былтыркы тополоңдогу кан төгүүгө байланыштуу футбол күйөрмандарынын өлүм жазасы бышыкталгандан чыккан. Мурси кризисти талкуулоо үчүн оппозиция менен улуттук диалог өткөрүүнү сунуш эткен.

XS
SM
MD
LG