Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Тажикстан: ӨИКтин мүчөлөрү деп шектелгендер кармалды


Түштүктөгү Хатлон областынын Кубадион районунун акими Абдул Мумин Алфатовдун бүгүн журналисттерге билдиргенге караганда, Өзбекстандын Исламдык кыймылына мүчө делген алты киши тажик-ооган чек арасындагы айылдан кармалды. Ал арада ички иштер министрлиги "Азаттыкка" өлкөнүн Өзбекстан менен чек аралаш Согду дубанынын төрт тургуну исламчыл согушкерлердин кайда экендиги тууралуу маалыматты жашырды деп кармалганын билдирди.

18-январда ички иштер министри Рамазон Рахимов Согду аймагында Өзбекстандын Исламдык кыймылынын мүчөсү деп шектелген бир киши атып өлтүрүлүп, тогузу камакка алынганын бышыктаган. Борбор Азияда халифат курууну максат кылган Исламдык кыймыл акыркы жылдары Ооганстандан туруп иш жүргүзүп келет.

XS
SM
MD
LG