Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Төрт-Гүлдөгү суу сатылышын УКМК иликтейт


Мындай тапшырма Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жана экология боюнча комитетинин 28-январдагы жыйынында берилди. Анда комитет мүчөлөрү Баткен облусунун суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакир Имаровдун арызын карашты. Имаров былтыр жайында Бишкектеги суу чарба департаментинин жетекчилери Төрт-Гүл суу сактагычынан Тажикстанга 6 миллион кубдан ашык сууну мыйзамсыз сатып жибергенин айтып чыккан. Суу чарба департаментинин жетекчилиги мындай дооматты төгүнгө чыгарып, Тажикстанга атайын келишимге ылайык суу берилгенин билдирүүдө.

Акырында парламент депутаттары УКМКнын коррупцияга каршы кызматына аталган ишти 1-марта чейин иликтеп, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү милдеттендирди. Төрт-Гүл суу сактагычы Баткен облусунда жайгашкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG