Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Таласта шаардык кеңештин 16 депутаты мандатынан баш тартат


Талас шаардык кеңешиндеги КСДП, "Ата-Мекен", "Замандаш-Современник" жана “Ак шумкар” партияларынан куралган көпчүлүк коалициянын 16 депутаты мандатынан баш тартуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазышты. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысына аталган коалициянын лидери Айбек Сүйүнтбеков кабарлады. Анын айтымында, мындай жол менен алар жаңыдан шайланган шаардык кеңешти таратууну көздөшүүдө.

Буга чейин 28-январда Талас шаарынын мэрин шайлоодо азчылыкты түзгөн “Республика” фракциясы көрсөткөн талапкер жеңип чыккан эле. Буга көпчүлүк коалициянын мүчөлөрү нааразылыгын билдиришкен болчу.(MbA\BkA)

XS
SM
MD
LG