Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Атамбаев букмекер кеңселерине каршы


Президент Алмазбек Атамбаев букмекер кеңселеринин жана тотализатор бюролорунун ишмердиги тууралуу мыйзамга каршы пикирин билдирди. Ага ылайык, ар кандай спортчулардын, командалардын жеңиши үчүн алдын ала байге сайган жана акчага мелдешкен букмекер кеңселери менен тотализатор бюролору кумар оюн жайлары болуп эсептелет. Мындай жайларга уруксат берүү бир катар социалдык проблемаларды жаратышы ыктымал. Ошондуктан мындай ишмердикке толугу менен тыюу салынышы зарыл.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 13-декабарда кабыл алган болчу. Документ мындай жайлардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган.

Кыргызстанда 2012-жылдан 1-январынан тарта казинолор, кумарканалар жабылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG