2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы өлкөдөгү «Эң мыкты башкармалык» аталып, ИИМдин өтмө Кызыл туусун алды.
Туу өткөн жуманын аягында министр Шамиль Атаханов тарабынан Ош шаардык милициясынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковко тапшырылган. Аны салтанаттуу кабыл алуу аземи бүгүн Ошто башкармалыктын өздүк курамынын жыйынында болду. Буга чейин экинчи борбордогу милиция башкармалыгы мындай ийгиликке жетише элек болчу.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2003-жылы түзүлгөн. Ага чейин облустук милициянын курамында болгон.
Өткөн жылы өтмө Кызыл тууну Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы алган эле. Башкармалыктар арасындагы сынактын жыйынтыгы кылмыштын бетин ачуу, коомчулук менен иштөө, ыкчам иликтөө сыяктуу 90 критерийдин негизинде аныкталат. (SE)