Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Ас-Си-Си: Египеттеги саясий кризис мамлекетти бүлүнтүшү мүмкүн


Египеттин куралдуу күчтөрүнүн командачысы азыркы саясый кризис мамлекеттин кыйрашына алып барышы ыктымал экенин эскертти. Генерал Абдел Фатах ас-Сиси - Египеттин коргоо министри. Ас-Си-Си бүгүн Аскерий академиянын курсанттары алдында сүйлөп, Египеттеги социалдык-экономикалык жана саясий проблемалар “мамлекеттин коопсуздугуна жана биримдигине чоң коркунуч жаратууда” деди. Бул кабар министрликтин Фейсбугуна жарыяланды.

Өлкөдө акыркы күндөрү болгон кагылышууларда 50дөн ашык адам набыт болгон. Андан улам президент Мурси Суэц каналынын боюндагы тополоң болгон үч шаарда бир айга өзгөчө кырдаал абалын киргизген. Ага карабай, өткөн түнү коменданттык саат киргизилген Порт Саид, Ысмайылия, Суэц шаарларында жана Каирде нараазы топтор полиция менен кагылышты.

XS
SM
MD
LG