Дүйнө өлкөлөрүнүн 70% коргоо секторундагы жемкордукка жол беришкен жана сарамжалсыздыкка эшикти кенен ачып коюшкан. Эл аралык Transparency International уюму бүгүн жарыялаган изилдөөдө чоң курал импорттоочулардын үчтөн экиси жана чоң экспортер өлкөлөрдүн теңи коррупцияны тийиштүү деңгээлде контролдошпогону айтылат. Анын кесепетинен изилдөө камтыган 82 өлкөнүн казынасына жылына аз дегенде 20 миллиард доллар зыян келтирилет.
Transparency International уюму коргоо секторунда коррупция коркунучу өтө жогору өлкөлөр деп Ооганстан, Иран, Ирак жана Өзбекстанды атайт. Докладда Германия жана Австралияда коррупцияга каршы күчтүү механизмдер иштелип чыкканы белгиленет.