Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Кыргызстанда эң чоң боз үй көтөрүлөт


Жалпы бийиктиги 20 метр, диаметри 30 метрден ашуун бул боз үйдү “Дасмия” эс алуу борбору көтөрүп жатат. Аталган борбордун ээси Турусбек Мамашевдин билдиришинче, бул дүйнөдөгү эң чоң боз үй катары Гиннестин рекорддор китебине кириши мүмкүн. Боз үйдүн кереге ууктары жана түндүгү темирден ширетилсе, үзүк-туурдуктары кадимки кийизден жасалган. Боз үйдүн бир бөлүгү кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүн өткөрүүгө ылайыкташкан.

Боз үйдүн түндүгү былтыр апрел айында көтөрүлүп, курулушу 1 жылга жакын убакытка созулду. (BkA)

XS
SM
MD
LG