Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Казакстандагы авиакырсыкта кыргызстандык жаран да көз жумду


Мындай маалыматты “Азаттыкка” кырсыкка учураган учакка ээлик кылган Scat авиакомпаниясынын маалымат катчысы Виктория Ульянова тастыктады. Анын айтымында, Алматынын жанында кырсыкка учураган учакта 34 жаштагы Бишкектин тургуну Акрам Низамов да бар болчу. Алдын-ала маалыматтар боюнча Низамов Казакстанда иштеп жүргөн. Учурда маркумдун жакындарына кабар берилгенин Ульянова кошумчалады.

Көкчөтоо-Алматы каттамындагы учак бүгүн түшкү саат бирде Алматынын жанына кулап түштү. Кырсыктан 21 адам ажал тапты. Алардын 16сы жүргүнчү жана бешөө экипаж мүчөлөрү болгон. Кырсыктын себеби учактын ичиндеги жазуу жабдыгын (кара кутуну) ачкандан кийин белгилүү болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG