Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Ташкенде Сулаймановду күтүп жатышат


Өзбекстан өз жараны Хабибуло Сулаймановду өткөрүп берүү талабын коюп жатат. Мекенинде Сулайманов диний экстремизм, бийликти күч менен кулатууга чакырган деп айыпталууда. Кыргызстандагы адам укугун коргоо уюмдар кыйноолор орун алган өлкөгө качкынды өткөрүп берүү эл аралык мыйзамдарга каршы келерин билдирүүдө.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Хабибуло Сулайманов мекенинде диний көз карашы үчүн куугунтукталып, 2001-жылы Бишкекке келип туруп калган. Ушул мезгилге чейин ал Хасан Хамидходжаев деген ысым менен Кыргызстанда жүргөн.

Өзбекстан тартип коргоо органдары Сулаймановго Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. Кыргызстандын тартип коргоо органдары аны өткөн жылы октябрь айында кармашып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына отургузушкан. Өзбекстандын талабына ылайык, Сулаймановду өткөрүп берүүнү Кыргызстандын Башкы прокуратурасы чечип, Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Райондук сот Башкы прокуратуранын талабын канааттандырган.

Хабибуло Сулаймановдун адвокаты Токтогул Абдыев райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот ишти кийинки жумада карашы белгиленди дейт адвокат Абдыев. Ал Сулайманов өткөрүлүп берилбеш керек дейт:
Жаранды сураган өлкөдө кыйноолор колдонулса, анда бул жаран ал өлкөгө берилбеш керек.

- Муну кайтарып берүүгө эч кандай негиз жок. Биринчиден, элдин баары билгендей, Өзбекстандын практикасында кыйноолор көнүмүш нерсе. Анын үстүнө биздин Башкы прокуратура кайтарып берүү жөнүндө токтомду чыгарууда мыйзам бузулган. Кайтарып берүү боюнча токтомду башкы прокурор же орун басарларынын бири чыгарыш керек эле. Бул жерде башкармалыктын эле прокурору чыгарган токтомдун негизинде кайтарып берип жатышат.

Адвокат ошондой эле Сулаймановго коюлган айыптар чаржайыт жана конкреттүү эмес деп белгиледи.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова эгерде Сулайманов өткөрүлсө, Кыргызстан эл аралык мыйзамдарды бузат дейт:

- Себеби качкындар жөнүндө конвенцияда так, даана жазылган. Эгерде ошол башпаанек сураган жаран качып келген өлкөдө же ошол жаранды сураган өлкөдө кыйноолор колдонулса, өлүм жазасы мыйзамдардан алынып салына элек болсо, анда ал жаран ал өлкөгө берилбеш керек. Бул ачык, даана жазылган. Ошондуктан биз мыйзамдын аткарылышын эле Кыргызстандан сурап жатабыз.

Абдирасулованын айтымында, Сулаймановду үчүнчү өлкөгө чыгарып жиберүү максатка ылайык. Учурда эл аралык укук коргоочу уюмдар мунун үстүнөн иштеп жатканын адвокат Абдыев кошумчалады.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Хабибула Сулайманов Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын талабынан негизинде өткөрүлүп берилип жатканын билдирди.

Кыргызстан буга чейин да Өзбекстандан качып келген жарандарды өткөрүп берип келген. Маселен, Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга өтө качан жүздөгөн качкындардын бешөөсү Ташкендин талабы менен мекенине кайтарылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG