Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Премьер кара май аткезчилигин тыюуну тапшырды


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү күч стуруктураларынын, министрлик-мекемелердин жетекчилерине кара май аткезчилигин токтотуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Ага ылайык, буга чейин түзүлгөн координациялык штабдын иши жанданмакчы.

Кадамжайдагы “Айрыбас” чек ара бекетинде видео көзөмөл орнотулат. Чек арага жакын аймактарда май куюучу жайлар текшерилип турат. Баткендин кире беришине чоң жүк ташуучу унаалар үчүн кошумча тараза көзөмөл орнотулат.

Былтыр айрыкча күз айларынан баштап Баткен аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз тонналаган кара май ташыган учурлар күчөгөн. Мындан улам өкмөт атайын штаб да түзгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG