Телеканалдын директору Алтынбек Жумаев кыргызчадан өзбекчеге которулуп берилүүчү он мүнөттүк жаңылыктарды көрсөтүү долбоору төрт айга уланаарын жана ал долбоор эл аралык ЮСАИД агенттиги тарабынан каржыланаарын билдирди.
Директордун айтымында, жаңылыктарды өзбек тилинде көрсөтүү тууралуу кайрылуу облустагы өзбек тектүүлөрдөн түшкөн жана телеканал улуттар аралык биримдикти бекемдөө максатында ушул долбоорду баштап жатат. Жакында чыга турган көрсөтүүлөргө азырынча даярдык көрүлүүдө жана атайын адистер изделүүдө.
Ал арада Абды Сүйөркулов атындагы коомдук уюмдун төрагасы Сарымсак Бекботоев кыргыз менен өзбекке тилмечтин кереги жоктугун, 7-каналдын бул саамалыгына каршы 7 миң кол топтогонун, ал 15 миңге жеткенде өзбек тилиндеги жаңылыктарды токтотуу талабы менен телеканалдын директоруна тапшырарын билдирди. (YA)