Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Кыргызстан диний билим алууну тартипке салат


Бүгүн Бишкекте “Диний билим берүү тууралуу” мыйзамдын долбоору кеңири талкууга коюлду. Жыйынга диний окуу жайдын жетекчилери, конфессиянын, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты. Анда негизинен диний билим берүүнү тартипке салуу зарылдылдыгы айтылды. Айрыкча өспүрүмдөрдүн чет өлкөлөргө диний билим алганы барып жатканы кооптондурары белгиленди.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда исламды окуткан 10 жогорку окуу жай бар, алардын бирөө университет, калгандары институттар. Ошондой эле 56 медресе каттоодон өткөн. Христиан багытында жалпысынан 7 жогорку окуу жай, 6 орто билим берген мектеп бар.

Кыргызстандыктар диний билим алуу үчүн негизинен Сауд Арапстан, Египет, Түркия, Пакистан, Ооганстан, Индия жана Иранга барат. Бул мамлекеттерде канча кыргыз жараны дин үйрөнүп жатканын тууралуу так эсеп жок.

Буга чейин Нарында 10-15 жаштагы 7-8 бала Бангладешке шектүү жагдайда диний окууга кеткени коомчулукка талкуу жараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG