Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Бириккен улуттар уюму Сирияга жардам чогултуп жатат


Кувейттеги жыйын, 30-январь, 2013
Кувейттеги жыйын, 30-январь, 2013
Граждандык согуштан катуу жабыркаган Сирияга жардам чогултуш үчүн Улуттар уюму бүгүн Кувейтте донорлордун жыйынын өткөрүүдө. Ага 60 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган.

Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун согушуп жаткан эки тарапты тең, анын ичинде Сирия өкмөтүн, тезинен атышууларды токтотууга чакырды. Жыйында Сириядагы согуштан жабыркаган элге жана коңшулаш өлкөлөргө качкан 700 миңдей сириялыкка жардам иретинде 1,5 млрд. доллар чогултууну максат кылып жатышат.

Бүгүн Кувейт бул үчүн 300 млн. доллар, АКШ менен Евробиримдик жалпысынан 400 млн. доллар бөлүүнү убада кылышты. Конференцияга Сирия президенти Башар Асаддын жакын өнөктөштөрү деп саналган Орусия менен Ирандын да өкүлдөрү катышууда.

Сирияда президентке каршы чыккан куралчан оппозиция менен өкмөттүк аскерлердин согушу эки жыл мурда мартта башталган.

XS
SM
MD
LG