Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Түштүк Корея орбитага спутнигин учурду


Наро космостук борборунан учурулган ракета, Түштүк Корея, 30-январь, 2013
Наро космостук борборунан учурулган ракета, Түштүк Корея, 30-январь, 2013
Түштүк Корея алгачкы жолу өзүнүн аймагынан орбитага спутнигин ийгиликтүү учурганын кабарлады. Окуя коңшулаш Түндүк Корея асманга өзүнүн спутнигин учургандан бир нече аптадан кийин болуп жатат.

Түштүк Кореянын 140 тонналык космостук кемеси бүгүн Наро космостук борборунан учурулган. Ал спутник аркылуу космостогу радиация жөнүндө бир жыл бою кабар алып турганга мүмкүн экени айтылууда.

Бул – расмий Сэулдун асманга спутник учурууга үчүнчү аракети. Бирок буга чейинки 2009-2010-жылдардагы аракеттери ийгиликсиз аяктаган болчу. Бүгүн учурулган ракетанын биринчи бөлүгү Орусияда, калган бөлүгү Түштүк Кореяда курулганы кабарланды.

12-декабрда Түндүк Корея орбитага спутник учурганын жарыялаган. Бирок аны эл аралык коомчулук “чынында баллистикалык ракетасын сынады” деп, расмий Пхеньянды Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузганы үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG