Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Тажикстанда ушул айда айрым сайттарга тосмо коюлду


Рафикжон Шокиров Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында, 30-январь, 2013
Рафикжон Шокиров Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында, 30-январь, 2013
Мунун жөнүн тажик өкмөтүнүн Байланыш кызматы “ал сайттарда бирөөлөрдү каралаган же жалган маалымат таратылары” менен түшүндүрдү. Бүгүнкү маалымат жыйынында Байланыш кызматынын жетекчисинин орун басары Рафикжон Шокиров сайттарды жабуу иши мыйзамга таянып жасалганын билдирди.

Ал белгилегендей, былтыр 28-декабрда Жарандык кодекске өзгөртүү киргизилген жана, ага ылайык, “интернет-сайттарда башка бирөөнү каралап, абийирине шек келтирүүгө же жалган маалымат таратууга” тыюу салынган. Шакиров андай мыйзам бузуу качан жана кимге карата жасалганын тактаган жок.

Ушул айда өлкөдө “Азаттыктын” тажик редакциясынын сайты, Facebook жана башка айрым сайттар бир нече күнгө ачылбай калган. Байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров муну алгач “техникалык проблема” деп атаган болчу. Тажикстанда бир топ сайттарга тосмо былтыр мартта да коюлуп, кийинчирээк алынган болчу.

XS
SM
MD
LG