Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаев жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу бүгүн маалымат берди. Ага ылайык, быйыл буудай 360 миң гектарга себилет. Бул былтыркыга караганда 34 миңге көп. Ошондой эле кант кызылчасын 1,7 миң, көп жылдык өсүмдүктөрдү 26 миң гектарга арбын себүү пландаштырылып жатат.
Министрдин маалыматы боюнча, быйыл күйүүчү май таңсыктыгы болбойт жана баа кескин жогорулабайт. Жазгы жана күзгү талаа иштерине жалпысынан 120 миң тоннадай күйүүчү май керек. Учурда запаста 13,5 миңдей тонна май бар.
Өткөн жылдары кыш эрте түшүп, күздүк буудай аз айдалган. Аба ырайынан улам жаздык буудай бою өсө электе баш алып, түшүм жакшы болбой калган. Ушундан улам Кыргызстан сырттан 200 миң тоннага көбүрөөк буудай сатып алууга мажбур болгон. (EBM)