Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:45

Ташиев: Тосмодон ашып түшүү кылмыш эмес


"Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаты Камчыбек Ташиев бүгүн сот процессинде көрсөтмө берип жатат. Анда Ак үйдүн тосмосун эл кызыкчылыгы үчүн ашып түшкөнүн, бул кылмыш эместигин, аны менен чогуу чыккандардын жанында эч кандай ок атуучу жана бычак өңдүү курал-жарак болбогонун билдирди. Сыйлыкка алган куралын эч кимге бербегенин кошумчалады.

Ташиев бул кылмыш иштин козголушун бийликтин аны саясатчы катары сындыруу аракети деп баалады. Бийликти басып алуу үчүн эч ким менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барбаганын белгиледи. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, ошол күнү бийлик башчылардын, атайын кызматтын жетекчисинин жана башкы прокурордун кайда экенин билген эмес, билүүгө да кызыккан эмес.

Камактагы депутат тергөө абакта жатканда ар кандай кысымдарга тушукканын маалымдады. Психиатриялык экпертиза жүргүзүүдө тергөө тобу алдоо жолу менен кол койдуруп, анын жыйынтыгы менен макул болду жеп жалган маалымат таратканын айтты. Ушуга байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү менен экспертиза жүргүзгөн адистердин сотто көрсөтмө беришин талап кылды. Саясатты таштап Орусияга кетет экен деген сөздөрдү да жокко чыгарды. (EBM)

XS
SM
MD
LG