Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

АКШ: Башынан ок жеген саясатчы Конгрессти куралга каршы аракет көрүүгө үндөдү


Габриелла Гиффордс конгрессмендерге кайрылуусу учурунда, 30-январь, 2013
Габриелла Гиффордс конгрессмендерге кайрылуусу учурунда, 30-январь, 2013
АКШда Конгресстин мурдагы мүчөсү, эки жыл мурда башынан ок жеген Габриелла Гиффордс курал менен байланышкан зомбулукка каршы күрөшүүгө чакырды. Гиффордс эки жыл мурун адамдарга массалык чабуул болгондор башынан ок жеген. Ал кечээ Конгрессте курал менен байланышкан ушул өңдүү зомбулуктарды кантип токтотуу боюнча талкууга катышты. Алган жарааттарынан ага азыр сүйлөш өтө оор экени көрүнүп турду.

"Мага азыр сүйлөш оор болуп турат. Бирок мен бир маанилүү нерсе айтайын дейм. Зомбулук – чоң проблема. Көптөгөн балдар өлүп жатат. Биз бир аракет көрүшүбүз зарыл", - деди Конргесстин мурдагы мүчөсү.

Өткөн айда Коннектикут штатында куралчан өспүрүм 20 баланы, алты мугалимди атып өлтүргөндөн бери Конгресс ушул өңдүү алгачкы ачык угууну өткөрүп жатат. Ал окуядан бери президент Барак Обама жана айрым демократтар Конгрессти өлкөдө курал алууну каалагандарга талапты күчөтүп, ок атуучу куралдарга тыюу салууну сунушташкан. Бирок курал алып жүрүүнү колдогондор мындан пайда болбойт деп ишенишет.

XS
SM
MD
LG