Биринчи май райондук соттун 31-январдагы чечими менен Пайзуллабек Рахманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагына 1 айга чейин камалат. Рахманов мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкекте Свердлов районунун акими жана Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин жетекчиси болуп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, мунун айынан ири өлчөмдө зыян келген деп айыпталып жатат. Атайын кызматтан маалымдашкандай, козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө уланууда.
“Ак жол” партиясынын мүчөсү Рахмановго 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин жаңы бийлик эл аралык издөө жарыялаган. 2012-жылы 15-июнда Казакстандын Жамбыл облусунда кармалган. Жанынан Беларустун жараны Пазыл Ташбаев деген жасалма документ табылган. Казакстандан Кыргызстанга 29-январда алынып келген. (EBM)