Бүгүн Баткен районунун аксакалдары Өзбекстандын Сох анклавында жашаган аксакалдар менен чай үстүндө жолукту. Кабарчыбыздын маалымдашынча, анда эки элдин ынтымагын бекемдөө, жараштыруу, чек ара чатактарын алдын алуу тууралуу сөз болду. Аксакалдар оболу Баткендеги Боз-Адыр айылындагы Өрүкзар деген жерде жолугуп, андан кийин чогуу-чаран Сох анклавындагы Шархабат деген айылга барышты.
Өткөн айдын башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар (Хушяр) айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алган, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор ошондон бери жабык турат. (EBM/JsA)