Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Мыйзам долбоорун даярдаган эксперттик топ түзүлдү


Мындай жардыкка президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев бүгүн кол койду. Жардыкка ылайык, эксперттик топ Кылмыш, Кылмыш-жаза, Жаза аткаруу, жана Жарандык процессуалдык кодекстин жаңы долбоорун даярдамакчы.

Топко окумуштуу юристтер, адвокаттар, мамлекеттик жана бейөкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирди. Жаңы мыйзам долбоорлор ушул жылдын 1-декабрына чейин Сот реформасы боюнча кеңешке жөнөтүлүшү керек.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр августта мыйзамдарды жакшыртуу чаралары тууралуу жардык чыгарган. Анда Сот реформасы боюнча кеңештин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын сунуш-пикирлери эске алынган мыйзам долбоорлорду даярдай турган эсперттик топ түзүү каралган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG