Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Кытайда чоң жолдогу жарылуудан сегиз киши набыт болду


Кытайда пиро-техника ташып бараткан машина жарылганда аз дегенде сегиз кишинин өмүрү кыйылганын маалымат каражаттары жазышууда. Мунун алдында Кытайдын Улуттук үналгысы курмандыктардын саны 26 деп кабарлаган.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү жардыруудан Санменшия шаарынын сыртындагы көпүрөнүн 80 метрдей жери бузулуп, көп унаа ондогон метр бийиктиктен жерге кулап түштү. Кытайдын Улуттук үналгысы кырсык болгон жерде полиция чоң жолду жаап койгондугун билдирди. Интернетте жайгаштырылган сүрөттөрдө асма көпүрөнүн бир бөлүгү кыйрап, кырында жүк ташыган машина салаңдап турганын, башкалары жерде өрттөнүп жатканын, же талкаланып калганын көрүүгө болот. Көпүрө батышта Казакстан менен чек арадан башталып, чыгыштагы Сары Деңизге чейин 4400 чакырымга созулган Кытайдагы эң узун Г30 жолунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG