Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Мексикада мунай ишканасындагы жарылуудан 25 киши мерт кетти


Мексинанын мамлекеттик ПЕМЕКС мунай компаниясынын штаб-квартирасындагы жарылуудан дагы 100дөн ашык киши жараат алды. Бийлик 52 кабат мунаранын кыйрандысында дагы башка курмандыктар бар экендигин эскертүүдө. Кабарларга ылайык, коңшулаш административдик имараттын жер төлөсүндөгү жардыруудан мунаранын төмөнкү үч кабаты катуу жапа тартты. Жардыруунун эмнеден болгону анык эмес. Анын кесепетинен миңдеген киши көчөгө качып чыкты, кырсык жайынын үстүн кою кара түтүн каптады. Миңдеген киши иштеген мунарадагы куткаруу иштерине төрт тик учак тартылды.

XS
SM
MD
LG