Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Түркияда АКШ элчилигиндеги жардырууда бир киши набыт болду


Түркиянын полициясы жана күбөлөрдүн айтымында, АКШнын Анкарадагы элчилигинде жанкечти өзү менен кошо жергиликтүү коопсуздук кызматкерин да набыт кылды. Бир нече киши жараат алды. Элчиликтин тышкы дубалы талкаланып, кире бериштеги бетон тосмо бузулду, имараттын алдында бетондун сыныктары жатат. Түркия менен АКШ бул окуяны «террордук чабуул» деп мүнөздөштү. Сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчысы Тайып Эрдоган «террордук элементтер» менен күрөштү глобалдык масштабда жүргүзүүгө чакырды. Түркияда мындай чабуулдарды күрд козголоңчулары, солчул активисттер жана исламчыл согушкерлер уюштуруп келишет.

XS
SM
MD
LG