Түркиянын полициясы жана күбөлөрдүн айтымында, АКШнын Анкарадагы элчилигинде жанкечти өзү менен кошо жергиликтүү коопсуздук кызматкерин да набыт кылды. Кол салууда дагы бир аял оор жараат алганы айтылууда. Түркия менен АКШ бул окуяны «террордук чабуул» деп мүнөздөштү. Кол салууга ким жоопкер экени белгисиз, бирок Түркиянын ички иштер министри Муаммер Гүлер жанкечти жергиликтүү солчуп согушкер топ менен байланышкан деген божомолун билдирди.