Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Диний мекеменин ичинде эмне бар?


Саентология чиркөөсүнүн ичиндеги китептер топтому
Саентология чиркөөсүнүн ичиндеги китептер топтому

Бишкек мэриясы шаардагы диний мекемелер ишмердүүлүгүн канчалык мыйзамдуу жүргүзүп жатканын текшерүүгө киришти.

Ага ылайык, 1-февралда борбор калаадагы Ленин райондук акимчилиги башка мамлекеттик органдар менен бирге райондогу мечит-медреселердеги, чиркөө жана ибадатканалардагы мыйзам бузууларды аныктады.

Тагдыры арсар саентология чиркөөсү

Курамына УКМК, ИИМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Саламаттыкты сактоо жана башка мамлекеттик мекемелердин, Бишкек казыятынын өкүлдөрү кирген Ленин райондук акимчилигинин текшерүү комиссиясы ишин Саентология чиркөөсүнөн баштады.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын инспектору Рафаэл Айдековдун айтымында, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан Саентология чиркөөсү 2011-жылдан бери лицензиясы жок иштеп келатат. Саентология чиркөөсү психологиялык окууларды жүргүзүп, бирок Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрликтеринен уруксат алышпагандыктан, алардын лицензиясы жокко чыгарылган болчу дейт Рафаэл Айдеков:

- Алар өз окууларын жүргүзүүдө “одинг” деген усулду колдонушат. Бул усулду колдонуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен уруксат алынышы керек болчу. Ал эми окуу программалары үчүн Билим берүү министрлиги лицензия бериш керек. Лицензиясы жок болгондуктан, азыр документтер Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Балдар медресесиндеги китептер
Балдар медресесиндеги китептер
Соттук териштирүүдөн кийин Саентология чиркөөсүн биротоло жабуу жагы каралат дейт Айдеков. Ал эми Саентология чиркөөсүнүн жетекчиси Назгүл Чомоева иш азыр сотто каралып жаткандыктан, мыйзамсыз иштеп жатат деп айтууга укуктук негиз жоктугун белгиледи. Анын айтымында, бул чиркөөнүн Кыргызстанда 2,5 миңдей өкүлү бар.

- Саентологияны толук мааниде дин деп караса болот. Бирок ошол эле кезде ал адамдын өзүнүн динин өзгөртпөйт. Бул жерде иштегендер да, келип тургандар да өз динин өзгөртпөйт. Мисалы, мусулман болсо, мусулман боюнча, христиан болсо, христиан боюнча калат. Ошол эле убакта Рон Хаббард берген билимдерин алып, жашоосуна колдонушат.

Медреселердин көбү талапка жооп бербейт

Комиссия андан ары ишин Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы медреселерди текшерүү менен улантты. 14 жаштан жогору 200дөй бала жатып окуган балдар медресесинде билим берүүгө ылайык шарт жоктугун Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы адиси Бактыгүл Жумакунова билдирди.

- Окуучулардын омурткасын түз формада сактап калуусу үчүн парта ылайыкталган. Бул жерде болсо, тизелеп отуруп алып, эңкейип окушат экен. Мындан моюн, көкүрөк омурткалары жана сөөктөр зыян тартышы мүмкүн.

Балдар медресесиндеги мечит
Балдар медресесиндеги мечит
Мындан тышкары, тазалык, тамактануу шарттары боюнча да дооматтар айтылды. Медресенин мугалимдери болсо, берилген эскертүүлөрдү жоюуга убада кылышууда. Абдилмажит Шарипов:

- Биз бардык кемчиликтерди жойгонго, оңдогонго аракет кылып жатабыз. Акырын-акырындан өкмөт, сиздер көрсөткөн талаптарды орундатабыз. Мурда душ жок эле, азыр эки жылдан бери иштеп жатат. Ошондой эле керебет жок эле, аны да алып келип койдук. Балдар эки сыйра шейшептери менен жатышат.

Балдар медресесиндеги окуу классы
Балдар медресесиндеги окуу классы
Ушул эле конушта жеке үйдө жайгашкан кыздар медресесинде 15 жаштан жогору 152 кыз түштөн кийин келип-кетип окуйт. Бирок бул жерде эч кандай уруксаты жок, мыйзамсыз башталгыч мектеп уюшулганы текшерүү учурунда белгилүү болду.

Ленин райондук акимчилигинин уюштуруу жана социалдык бөлүмүнүн кызматкери Бегайым Мамаеванын айтымында, медресенин мугалимдери башталгыч класстар кандай документтердин негизинде иштеп жатканына жооп бере алышкан жок.

Текшерүүчүлөр анда да билим алууга шарттын жоктугу, медресени уюштуруу эч бир билим берүү стандартына жооп бербей тургандыгын белгилешти.

Иса чиркөөсү босогосун аттаткан жок

Андан кийин комиссия Иса чиркөөсү деп аталган протестанттык багыттагы диний мекемеге барды. Бул Ош базарынын жанындагы Чимкент көчөсүндө жайгашкан экен. Бирок комиссиянын бул диний мекемеге кирип, шартын көрүү аракетинен майнап чыккан жок. Имараттын кароолчусу киргизүүдөн баш тартып, юристи менен байланышуусун сунуштады. Ал эми өзүн юристмин деген айым телефон аркылуу комиссия алдын ала эскертип келиши керектигин, андыктан азыр киргизе албасын айтты.

Иса чиркөөсү
Иса чиркөөсү
Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы адиси Бактыгүл Жумакунованын айтымында, Иса чиркөөсү ушуну менен үчүнчү ирет комиссияны киргизүүдөн баш тартты.

- Мен жашыруун, биздин мыйзамдарга каршы кандайдыр бир иштерди алып барып жатабы деп ойлойм. Болбосо ачык болуш керек эле. Элге да, жетекчилерге да ачык болуш керек болчу. Булар эмне иш жүргүзүп, кандай тартипте иш алып барышаарын биз билишибиз зарыл.

Иисус Христос чиркөөсү
Иисус Христос чиркөөсү
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Рафаэл Айдековдун айтымында, бул диний уюм каттоодон өткөн. Документтер боюнча чиркөөнүн уюштуруучусу Марс Өмүрзаков деген адам. Маалыматка караганда, анда сыйынуу жөрөлгөлөрү өтүп турат жана жекшемби күндөрү мектеп да уюштурулат. Иса чиркөөсү мурдагы ден соолукту чыңдоо комплексинин имаратын сатып, ошол жерде жайгашкан экен.

Мындан тышкары, комиссия Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан Иса Машаяк чиркөөсүнө да барышты. Бул чиркөө да союз мезгилинде маданият үйү болгон эки кабат имаратта жайгашкан экен. Бул чиркөөдө жекшемби сайын Жаратканга сыйынуу жырымы өтүп турат. Ал эми башка күндөрү мектеп жашындагы балдар үчүн тил жана башка ийримдер уюштурулганы айтылды.

Иисус Христос чиркөөсүнүн ичи
Иисус Христос чиркөөсүнүн ичи
Комиссия мүчөлөрү ал жерден мыйзам бузууларды табышкан жок. Анткен менен бул чиркөөнүн диний лидерине карата түшкөн арыздар бар экенин Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери белгилешти.

Жогорудагы эки чиркөө тең христиан дининдеги протестант бутагынан бөлүнүп чыккан “евангелист элүүчүлөр” деп аталат экен.

Бишкек шаарынын Ленин районунда жалпысынан 11 чиркөө, 12 мечит, 6 медресе жана 11 намазкана бар.
XS
SM
MD
LG