Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Нарын дайрасынын тазалыгына тынчсыздангандар митингге чыгышты


2-февралда Нарын шаарынын борбордук аянтына калаанын айрым тургундары “Нарын суусу - Кыргызстандын келечеги”, “элге чындыкты айткыла”, “Жогорку Кеңеш туура чечим чыгарсын”, “Кумтөр, Нарын суусун булгаба” деп ураан чакырышып, митингге чыгышты.

Митингдин уюштуруучусу Эркин Асаналиевдин айтымында, бүгүн митингге 60ка чукул киши чогулду. Нааразылыгын билдирип чыккандар эмне себептен кышында Нарын дайрасы кирдеп жатканын түшүндүрүп, буга Кумтөр кенинде жүрүп жаткан иштер себепчи болуп-болгонун аныктап берүүнү талап кылышты.

13-январда Чоң-Нарын суусунун деңгээли көтөрүлүп, чоң муздар агып, үйөр жүргөн.

Митингдин уюштуруучулары акцияны 7-февралда да улантмай болушту. (Tsh)

XS
SM
MD
LG