Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:12

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү

Кыргызстанда 2-5-февраль күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

Аба ырайы

3-февралда түнкүсүн айрым аймактарда жаан жаайт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0... +5, күндүз +1... +6 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1… -6, күндүз 0…+5 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4... +1, күндүз +4 ...+9 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3... -8, күндүз -2... +3 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -9... -14, күндүз -3... -8 градус болот.

Бишкекте 3-февралда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы ыктымал, күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз +3…+5 градус болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG