Каирде демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда 1 киши набыт болду. Кечээ демонстранттар президент Мухаммед Мурсинин сарайына жүрүш жасашкан. Алар сарайдын дарбазасына таш, күйүүчү бомбаларды ыргытканда тартип коргоочулар жаш агызчу газ, суу атмалар менен жооп берип, элди таркатууга аракеттенген.
Мурси өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү зордук-зомбулукту айыптоого үндөп, аскерлер мамлекеттик институттарды коргоого аракеттенип жатышат деди. Өткөн жумада Египеттин башка бөлүктөрүндө саясий тирешүүдөн келип чыккан ар кандай кагылышууларда 60тай киши мерт болгон.
Президенттин каршылаштары Мурсинин “Мусулман агайыңдар” партиясы бийликти өз колуна топтоп алганын, өлкө туш болуп аткан проблемаларды көз жаздымда калтырганын айтып сындашууда. Мамлекет башчынын тарапкерлери болсо демонстранттар Египеттин алгачкы демократиялык шайланган президентин төңкөрүүнү көздөшүүдө деп эсептешет.