Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Караколдо 130дан ашуун дарак кыйылды


Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы дарактар болжол менен мындан 135 жыл мурда тигилген. Учурда алардын көбү карып, кооптуу абалда. Жергиликтүү тургундардан кооптуу бактарды жок кылуу боюнча 80дей арыз түшкөн. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы 700 дарак кароодон өтүшү керек. Азырынча 130дан ашуунуна балта чабылды. Өткөн жылы шаар боюнча 500 түп дарак жок кылынган. (MK)

XS
SM
MD
LG